Чет өлкөлөрдөгү символикалык имараттар жана аянттар түрк желегинин түстөрү менен жарыктандырылды

Түрк желектеринде «Түркия Республикасынын 100 жылдыгы» жана «Түркия Республикасынын 100 жылдыгы менен куттуктайбыз» деген сөздөр орун алды.

2057631
Чет өлкөлөрдөгү символикалык имараттар жана аянттар түрк желегинин түстөрү менен жарыктандырылды
baku haydar aliyev merkezi.jpg
mostar 29 ekim.jpg
belarus milli kutuphane 29 ekim.jpg
finlandiya disisleri bakanligi 29 ekim.jpg
2132828.jpg

Түркия Республикасынын 100 жылдыгынан улам көптөгөн өлкөлөр символикалык имараттарына жана аянттарына Түрк желегин чагылдырышты.

Азербайжандын борбор шаары Бакунун архитектуралык символдорунун бири Гейдар Алиев борборунун сыртына Түркия Республикасынын 100 жылдыгынан улам түрк желеги чагылдырылды.

Ирактын борбор шаары Багдадда да соода борборунун имаратында ири Түрк желеги чагылдырылды.

Катардын символикалык имараттары да 29-Октябрь Республика майрамына карата ак-кызыл түскө айланды.

Түрк желектеринде «Түркия Республикасынын 100 жылдыгы» жана «Түркия Республикасынын 100 жылдыгы менен куттуктайбыз» деген сөздөр орун алды.

Испаниянын борбор шаары Мадриддеги атактуу Кибеле аянты түрк желегинин кызыл жана ак түстөрү менен жарыктандырылды.

Орус космонавт Олег Артемьев Эл аралык космос станциясында Түркия Республикасынын 100 жылдыгын түрк желегин желбиретип куттуктады.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью-Йорк шаарында санариптик жарнама фуралары түрк желектери менен жабдылды.

Түрк-Америка Улуттук башкаруу комитетинин жетекчилигинде өткөрүлгөн иш-чарада Республиканын 100 жылдыгын белгилеген фуралар күн бою кыдырышты.

Таймс аянтындагы панолорго түрк желеги жана Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрктүн сүрөттөрү илинди.

Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги Түркия Республикасынын негизделгенинин 100 жылдыгы менен куттуктап, министрликтин имаратын түрк желегинин түстөрү менен жарыктандырды.

Беларустун борбору Минск шаарында жайгашкан Улуттук китепкана да түрк желегинин түстөрү менен жарыктандырылды.



Тектеш кабарлар