Кыргыз жазуучусу Айтматов Анкарада эскерилди

Анкарада өткөн жыйында кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматов эскерилди.

2048502
Кыргыз жазуучусу Айтматов Анкарада эскерилди
3.Cengiz Aytmatov Günleri 41.jpg
3.Cengiz Aytmatov Günleri 43.jpg
3.Cengiz Aytmatov Günleri 38.jpg
3.Cengiz Aytmatov Günleri 23.jpg
3.Cengiz Aytmatov Günleri 12.jpg
3.Cengiz Aytmatov Günleri 18.jpg

Анкара университетинин Тил, тарых жана география факультетинде Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына жана Төрөкул Айтматовдун 120 жылдыгына арналган «3-Чыңгыз Айтматов күндөрү» аттуу жыйын «20-кылымга из калтырган ысымдар, ата-бала Айтматовдор; Төрөкул Айтматов (1903-1938 ) жана Чынгыз Айтматов (1928-2008)» темасы менен өтүп жатат. Жыйынды Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилиги, ТҮРКСОЙ, Анкара университети, ТИКА жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы уюштурду.

Жыйналышка Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) башкы катчысы Султан Раев, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, Анкара университетинин ректору проф. Д-р. Неждет Үнүвар, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын төрагасы, проф. Канат Абдрахматов, Чынгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова ардактуу коноктор катары катышты. Иш-чарага катышкан Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Германия  жана Түркиядан Айтматов таануу боюнча адистер, академиктер ар бир отурумдарда сөз сүйлөп жатышат. Ал эми иш-чарага Кыргызстандан Роза Айтматова менен катар Чынгыз Айдарбеков, Канат Абдрахматов, Осмонакун Ибраимов, Абдылдажан Акматалиев, Эсенбай Нурушев, Садык Алахан, Асан Акматов, Шавкат Исмаилов, Гүлзура Жумакунова ж.б. катышууда.

Иш-чара эки өлкөнүн гимндери ойнолуп, ачылыш сөз сүйлөөлөр менен башталды.

ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Айтматов түрк дүйнөсүнүн орток баалуулугу экенин айтып, Айтматовдун чыгармалары универсалдуу темалары менен бүткүл дүйнө жүзүнүн көңүлүн буруп жатканын баса белгиледи.

Айтматовдун дипломат жана жазуучу экенине көңүл бурган Раев, Айтматовдун идеялары Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө жана эл аралык деңгээлде таанылышына чоң салым кошконун баса белгиледи.

Раев, Чынгыз Айматовдун атасы Төрөкул Айтматов да Кыргызстандын улуттук маданиятына жана каада-салттарына берилген киши болгонуна көңүл бурду.

Чынгыз Айтматовдун чыгармаларында Кыргызстанды чагылдырганын белгилеген Раев: «(Бул жагдай) Чынгыз Айтматовдун чыгармаларында көбүнчө Кыргызстандын жерине, жаратылышына, элине берилгендиктин баалуулугунун жана чагылдырылышынын символу болуп саналат», - деп өз баасын берди.

Сөз соңунда Султан Раев ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун эң жогорку сыйлыгы Алтын медалды Роза Айтматовага тапшырды.

Элчи Казакбаев ошондой эле Айтматов «түрк дүйнөсүнүн эс-тутуму» экенин белгилеп, «Ар бирибиздин өз Айтматовубуз бар, мен үчүн Айтматов биринчи кезекте кыргыз элинин маданиятынын, адабиятынын, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн тили менен адабиятынын бренди жана символу»,-деди.

Казакбаев Айтматов ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча эң көп окулган жазуучулардын бири экенин айтып, анын чыгармаларында «терең философия» бар экенин белгиледи.

Айтматовдун Түркияда абдан сүйүлгөнүнө көңүл бурган Казакбаев, Айтматовдун ысымы Түркиянын көптөгөн тармактарында сакталып калганын кошумчалады жана катышуучуларды куттуктады.

Бул жыйында Төрөкул Айтматов жана Чыңгыз Айтматов, ата бала байланышы, репрессия, тагдыр жана тарых жөнүндө сөз башкы маселе катары кеңири талкууланды.

Сөз сүйлөөлөрдөн кийин Евразия жазуучулар союзунун төрагасы Якуп Өмероглу Роза Айтматованын калеминен чыккан «Кат келди» аттуу китепти жана Омонакун Ибраимовдун Айтматов тууралуу биографиясынын жана бир канча китептин түрк тилиндеги нускаларын басмадан алып келип ачылышын жасады. Аны улай Роза Айтматова менен Осмонакун Ибраимовдун окурмандарга китеп таанытуу жана кол тамга берүү аземи өткөрүлдү.

Андан соң түркиялык манасчы Осман Шахин Манастан үзүндү айтты.

Иш-чарага катышуучулар тобу менен университеттин бакчасына тигилген Кыргыз боз үйүнө барып, анын кызыл тасмасын кесип ачылышын жасашты. Боз үйгө жана университеттин фуайе аянтына кыргыздын улуттук кийимдери жана кол өнөрчүлүк буюмдары коюлган.

Иш-чара эки күнгө созулуп ар бир отурумда Айтматов таануучулар, окумуштуу академиктер өздөрүнүн кызыктуу пикирлерин бөлүшүп жатышты. Иш-чаранын жабылыш жыйынында катышуучулар өз пикирлерин айтып, бул жыйынды салтка айландыруу менен 5 жылда бир өткөрүп туруу боюнча бирдей пикирде болушту. Анкара университетинин тил, тарых жана география факультетинин заманбап түрк диалекттери жана адабияттары кафедрасынын башчысы проф. Сема Барутчу Өзөндер айым катышуучуларга ыраазычылыгын билдирип жыйналышты жапты.

 

Чынгыз Айтматов

Чынгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусунун Шекер айылында туулган.

Айтматов адабият таануудан тышкары Люксембург, Бельгия жана Нидерландияда элчи катары өз өлкөсүнүн атынан чыгып, Евробиримдик, НАТО, ЮНЕСКО жана Бенилюкс өлкөлөрүндө Кыргызстандын өкүлү болгон.

Айтматов 2008-жылы май айында орусиялык телеканалдардын бирине даректүү тасма тартууга барган Татарстандын борбору Казань шаарында ооруп калып, дарыланууга алып барган Германияда 10-июнда дүйнөдөн кайткан.



Тектеш кабарлар