Кыргыз тили күнү Антальяда белгиленди
Түркиянын Анталья шаарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 34 жылдыгына арналган «Тилибиз-биздин дилибиз» аттуу адабий - музыкалуу кече өттү.



Кыргыз тили күнү Антальяда белгиленди
23-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы Башкы Консулдугу, Муратпаша муниципалитети менен Айымдар коому жана Кыргыз эл коому тарабынан уюштурулган «Тилибиз-биздин дилибиз» аттуу адабий - музыкалуу кече жогорку деңгээлде болуп өттү . Бул иш - чарага «Кыргыз тили» коомунун төрагасы, Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмери Райымжан Курбанов агайыбыз жана көптөгөн конокторубуз катышты. Кечеде улуу залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов тууралуу сүрөт көргөзмөлөрү коюлду жана ар тараптуу таланттууларыбыз, ырчыларыбыз өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашты. Райымжан Курбанов агай да сахнада ыр айтып, ырдап берди. Анын ырларын угуп, мекенге болгон сагынычтарыбыз козголуп көз жаштарыбыз чубурду... Мен өзүм да күтүлбөгөн жерден Райымжан Курбанов агайдын колунан белек алганым үчүн абдан кубандым, күткөн эмес элем! Кыргыз тилибиз өсө берсин,өркүндөй берсин !!!!🇰🇬
Нурайым Бейшебаева
Тектеш кабарлар

"Сабиха Гөкчен" аэропорту 7 сыйлыкка ээ болду
Түркиянын экинчи чоң аэропорту Стамбул Сабиха Гөкчен (İSG) "Bluesky Awards 2023тө" сыйланды.