Анкарада кофе фестивалы башталды
Фестивалде жыл сайын көбөйгөн катышуучусу менен кофеге байланыштуу бардык кошумча азыктар да болот.
2041105





Стамбул, Анкара жана Измирде өткөн кофе фестивалы борбор шаарда 7 - жолу өтүүдө.
Фестивалде жыл сайын көбөйгөн катышуучусу менен кофеге байланыштуу бардык кошумча азыктар да болот.
Иш - чарада кофе кайнатуунун түрлөрүн үйрөнө турган семинарлардан баштап, кофе кууруунун жана үйдө даярдоо ыкмасына чейин бардык табитке жага турган варианттар тууралуу маалымат берилет.
Бүгүн ачылган фестиваль көптөгөн коммерциялык бренддердин колдоосу менен уюштурулууда.
Фестивалда быйыл 150гө жакын стенд жана 160 бренд бар.
Иш - чараны келечекте Түркиянын коңшу мамлекеттерде да өткөрүү пландалууда.
50 миңге жакын катышуучунун келери күтүлгөн фестиваль 24 - сентябрь күнү кечки сааттарга чейин уланат.