Gipsy Kings Стамбулда концерт берди
1978 - жылы Францияда негизделген Gipsy Kings альбомдору дүйнө жүзү боюнча 60 миллиондон ашык сатылган.

Дүйнөгө белгилүү румба, фламенко жана сальса тобу Gipsy Kings Стамбулда концерт берди.
Piu Entertainment 10 жылдык концерттеринин алкагында Zorlu PSMде "Gipsy Kings by Andre Reyes" аталышында концерт берген топ "Djobi Djoba", "Bamboleo", "Baila Baila", "La Dona", "No Volvere", "Bem Bem", "Maria", "Volare" жана "Un Amor" сыяктуу сүйүлгөн ырларын аткарды.
Негиздөөчүлөрдүн бири, гитарист жана вокалист Андре Рейести гитарада Томас Рейес, Каку Рейес жана Марио Рейес, бас гитарада Дэнни Марта, клавиатурада Фред Бретон жана урма аспапта Гилерме Алвес менен Жозеф Кортес коштоду.
Болжол менен бир жарым саатка созулган концерт кол чабуулар менен аяктады.
Бул жылы топ 17 - июнда Стамбул Фольксваген Аренада жана 18 - июнда борбор шаардагы Анкара конгрессиумда "Gipsy Kings featuring Nicola Reyes" аттуу концерт берди.
1978 - жылы Францияда негизделген Gipsy Kings альбомдору дүйнө жүзү боюнча 60 миллиондон ашык сатылган.
Тектеш кабарлар

"Сабиха Гөкчен" аэропорту 7 сыйлыкка ээ болду
Түркиянын экинчи чоң аэропорту Стамбул Сабиха Гөкчен (İSG) "Bluesky Awards 2023тө" сыйланды.

Түркияда «Кыргызстан маданият күндөрү» өтүп жатат
26-ноябрда Түркиянын Анкара шаарында Кыргызстандын маданият күндөрү расмий ачылды.