"Зубейде, энелер жана уулдар" тасмасы Канадада көрсөтүлөт

Ататүрктүн  энесинин жашоосун чагылдырган «Зүбейде, энелер жана уулдар» тасмасы 12 - 22 - октябрда өтө турган Торонтодогу Түштүк Азия Эл аралык кинофестивалында  (IFFSA) ачылыш тасмасы  көрүүчүлөр менен жолугушат.

2037038

Бул тууралуу берилген маалыматка караганда тасма түрк аба жолдорунун, Түрк демилгечилери жана Канада профессионалдар биримдигинин колдоосу менен 12 -  октябрда  Канаданын Торонто  шаарындагы Cineplex Cinemas Courtney паркында акысыз көрсөтүлөт.

Тасманын режиссёру Женк Яз, продюсерлери Нури Йылдырым жана Алпер Тосун.

Доцент доктор Фуркан Кая, тарыхчы Этхем Кожа, Тарих ТВнын башкы редактору Суат Козлуклу жана профессор доктор Нежми Үлкердин  кеңешүүсү менен  тартылган  тасманын сценарийин Илбер Текинсой жазды.

Тасмада Деврим Нас, Эмре Кынай, Ситаре Акбаш, Вилма Эллес, Энес Демиркапы, Али Саг жана Тургай Танүлкү да роль алды.

Тасма 13 -  октябрда Европа, АКШ, Орто Азия жана Жакынкы Чыгышта көрсөтүлөт. 

Тектеш кабарлар