Мерсиндеги байыркы шаарда жаңы табылга

Казуу иштерин Ардахан университетинин археология бөлүмүнүн доценти, доктор Явуз Йегин жетектеген топ жүргүзүүдө.

2024334
Мерсиндеги байыркы шаарда жаңы табылга

Мерсинде эллинизм доорунун маанилүү отурукташкан жерлеринин бири болгон байыркы Олба шаарындагы казууларда биздин замандын 2-кылымына таандык деп эсептелген аял айкели жана мифологиялык көрүнүштөрдү камтыган 2 фриз сыныгы табылды.

Өрен районундагы байыркы шаарда июль айында башталган сезондук казуу иштерин Ардахан университетинин археология бөлүмүнүн доценти, доктор Явуз Йегин жетектеген топ жүргүзүүдө.

Арасында искусство тарыхчылары, адис археологдор жана студенттерден турган 15 кишилик топ, маанилүү соода борбору катары белгилүү болгон тарыхый аянтта ишин улантууда.

Быйылкы жылы байыркы шаардын ар кайсы аянттарында жүргүзүлгөн казуу иштеринде биздин замандын 2-кылымына таандык деп эсептелген аял айкели жана 2 фриз (имараттардын дубалдарында белгилүү геометриялык сүрөткө ылайык түзүлгөн көрүнүктүү декоративдик тилке) табылды.

Коргоого алынган экспонаттар иликтениши үчүн Силифке музей директорлугуна жеткирилди.



Тектеш кабарлар