Анадолу рок музыкасынын легендарлуу аты Эркин Корай дүйнөдөн кайтты

Бир аз убакыттан бери Канадада жашап жаткан 82 жаштагы искусство чеберинин ооруп, өзү жеткирилген ооруканада каза болгону маалымдалды.

2021500
Анадолу рок музыкасынын легендарлуу аты Эркин Корай дүйнөдөн кайтты

Анадолу рок музыкасынын легендарлуу аты Эркин Корай дүйнөдөн кайтты.

Бир аз убакыттан бери Канадада жашап жаткан 82 жаштагы искусство чеберинин ооруп, өзү жеткирилген ооруканада каза болгону маалымдалды.

Эркин Корай көркөм өмүрү бою көптөгөн оригиналдуу чыгармаларды жараткан. Өнөрчү Анадолунун маданий мурастарынын сакталышына да салым кошуп, көптөгөн элдик ырларды кайра иретке келтирип, угуучуларга таанытууга салым кошкон.

Өмүрүндө көптөгөн сыйлыктарга татыктуу болгон Корайдын каза болушунан кийин президент Режеп Таййип Эрдоган социалдык медиа эсебинен көңүл айтуу билдирүүсүн бөлүштү.

Эрдоган: «Түрк музыкасынын чыгаандарынын бири Эркин Корайдын дүйнөдөн кайтканын кайгыруу менен билдим. Маркумдун жакындарына, баардык күйөрмандарына жана өнөр чөйрөбүзгө терең кайгыруу менен көңүл айтам»,-деген сөздөргө орун берди.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш, маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа жана Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун сыяктуу саясат жана искусство дүйнөсүнөн көптөгөн ысымдар да көңүл айтуу билдирүүлөрүн бөлүшүштү.



Тектеш кабарлар