Дуру Өзер Европа кыздар компьютер олимпиадасынын чемпиону

Швециянын Лунд шаарында 52 өлкөдөн 189 окуучунун катышуусунда өткөрүлгөн 3-Европалык кыздардын компьютердик олимпиадасында Дуру Өзер алтын медалга ээ болду.

2019474
Дуру Өзер Европа кыздар компьютер олимпиадасынын чемпиону

2022-жылкы Европа кыздар компьютер олимпиадасынын чемпиону Дуру Өзер Кахраманмараштагы жер титирөөгө карабастан быйыл да ийгилигин кайталады.

Швециянын Лунд шаарында 52 өлкөдөн 189 окуучунун катышуусунда өткөрүлгөн 3-Европалык кыздардын компьютердик олимпиадасында Дуру Өзер алтын медалга ээ болду.

Өткөн жылы Антальяда 45 өлкөдөн 164 окуучунун катышуусунда өткөн Европа кыздар арасындагы компьютер олимпиадасында алтын медалга ээ болгон Түркия палаталар жана биржалар биримдиги (TOBB) илим лицейинин 11-классынын окуучусу Өзер, 6-февралда Кахраманмарашта болгон жер титирөөдө үй-бүлөсү менен туш болгон.

Жер титирөөдө көптөгөн тааныштарынан ажырап, үйлөрү катуу зыян тарткан жана Измирге көчүп кеткен Дуру Өзер башынан өткөргөн бардык терс көрүнүштөргө карабастан ишин улантты.

Швециянын Лунд шаарында 52 өлкөдөн 189 окуучунун катышуусунда өткөрүлгөн 3-Европа кыздар компьютер олимпиадасында да Өзер алтын медалга ээ болду.

Компьютердик инженерияда окугусу келгенин билдирген Дуру: «Математика жана экономикага да кызыгам. Кийин эмне болорун билбейм»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар