Бурак Караташ Оксфордго биринчилик менен кирди

Быйыл мектепти аяктаган Караташ досунун сунушу менен катышкан Оксфорд университетинин сынагынан математика жана компьютер боюнча 93 балл алган.

2018645
Бурак Караташ Оксфордго биринчилик менен кирди

Бурак Караташ Англиядагы Оксфорд университетинин математика жана компьютер факультетинде биринчиликти алды.

Математика олимпиадасында көптөгөн улуттук жана эл аралык даражаларга ээ болгон Айдынлы Бурак Караташ бул тармактагы ийгилиги менен улуттук курама командага тандалды.

Быйыл мектепти аяктаган Караташ досунун сунушу менен катышкан Оксфорд университетинин сынагынан математика жана компьютер боюнча 93 балл алган.

Ийгиликтүү студент бул бөлүмгө биринчи болуп толук стипендия менен кирди.

Бурак Караташ математика боюнча олимпиадалар ага өзүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк бергенин айтты.

Эмгекчил болуу менен бирге өзүнө убакыт бөлүүнү да билгенин айткан Караташ Оксфордду жеңүү процессине да токтолду.

Караташ жазуу жана оозеки сынактар ​​бар экенин, дүйнөнүн төрт бурчунан 66 адамдын математика-компьютер тармагына кабыл алынганын түшүндүрдү.

Сынактардын 100дүн ичинен бааланганын белгилеген Караташ : «Ал бөлүмгө 93 балл менен биринчи болуп кирдим. Жалпы орточо 72, кабыл алынгандардын орточосу 70тин тегерегинде»,-деди.

Максаттарына токтолгон Караташ, ДНК изилдөөлөрү жана рак менен күрөшүүдө жасалма интеллекттин тийгизген таасири үстүндө иштөөнү каалай турганын айтып: «Эң чоң максатым магистратураны аяктагандан кийин Түркияга кайтып келип, бул жакта кызмат кылуу»,- деди.



Тектеш кабарлар