Түрк эртең мененки тамак дүйнө жүзү боюнча таанытылды

Берлиндеги Түркия элчилигинде өткөрүлгөн иш-чарада чет элдик өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрүнө салттуу түрк эртең мененки тамактарынын даамдары тааныштырылды.

1995079
Түрк эртең мененки тамак дүйнө жүзү боюнча таанытылды
pekin turk kahvaltisi.jpg
baku turk kahvaltisi.jpg

БУУнун Билим берүү, илим жана маданият боюнча уюму (ЮНЕСКО) тарабынан жыл сайын июнь айынын биринчи жекшембисинде жарыяланган «Бүткүл дүйнөлүк эртең мененки тамак күнүнө» байланыштуу Германияда эртең мененки тамак иш-чарасы өткөрүлдү.

Берлиндеги Түркиянын элчилигинде өткөрүлгөн иш-чарада чет элдик өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрүнө салттуу түрк эртең мененки тамактарынын даамдары тааныштырылды.

Иш-чарага Израилдин, Бахрейндин жана Беларустун элчилери, Грузия менен Ирандын элчилигинин кызматкерлери жана 100гө жакын конок тобу катышты.

Малайзияда «Дүйнөлүк эртең мененки тамак күнүндө» түрк эртең мененки тамагы таанытылды.

Түркиянын Куала-Лумпурдагы элчилигинде эртең мененки тамактануу иш-чарасы өткөрүлдү. Эртең мененки тамакка академиктер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер, социалдык тармактардын феномендери жана ашпозчулар чогулду. Иш-чарада келген конокторго түрк кофеси жана чайы, ошондой эле куймак, кондитердик азыктар, симит, пастырма, түрдүү сыр жана кыямдар тартууланып, түрк эртең мененки тамагы жана ашканасы тууралуу видеороликтер көрүлдү.

Португалияда Түркиянын Лиссабон элчиси Мурат Карагөздун коноктосунда саясатчылар, дипломаттар, гастрономия жана саякат жазуучулары, башкы редакторлор, жашоо тренерлери, сүрөтчүлөр жана академиктерден турган топко түрк таңкы тамагы тартууланды.

Австрияда Түркиянын Вена элчилиги жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Вена кеңсесиндеги туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан «Дүйнөлүк эртең мененки тамак күнүнө» карата эки иш-чара уюштурулду.

Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмунун Вена кеңсесиндеги туруктуу өкүлү Левент Элер жана жубайы Айтен Элер да Бүткүл дүйнөлүк эртең мененки тамак күнүнөн улам БУУдагы аккредиттелген элчи жана жубайларын туруктуу өкүлчүлүк резиденциясында түрк таңкы тамагында коноктошту.

Түркиянын Кытайдагы Пекин элчилигинде «Дүйнөлүк эртең мененки тамак күнүнө» карата уюштурулган иш-чарада түрк кулинардык маданиятынын маанилүү бөлүгү болгон эртең мененки тамак кытайлык конокторго таанытылды.

Түркиянын Азербайжандагы Баку элчилигинде уюштурулган Дүйнөлүк эртең мененки тамак күнү иш-чарасында азербайжандык депутат аялдарга салттык Ван эртең мененки тамагы берилди.



Тектеш кабарлар