Тина Тернер каза болду

Күчтүү үнү жана стили менен "Рок-н-роллдун ханышасы" катары таанылган Тернер  ыр жазуусу, бийлери жана актёрдук чеберчилиги менен да таанылган.

1990718
Тина Тернер  каза болду

Америкалык  ырчы Тина Тернер 83 жашында каза болду.

Күчтүү үнү жана стили менен "Рок-н-роллдун ханышасы" катары таанылган Тернер  ыр жазуусу, бийлери жана актёрдук чеберчилиги менен да таанылган.

1950-жылдардын аягында музыка дүйнөсүнө кадам таштаган Тернер 2009-жылга чейин сахнага чыгууну улантып, Грэмми баш болгон көптөгөн сыйлыктарды алган жана альбомдору дүйнө жүзү боюнча 100 миллиондон ашуун нускада сатылган.

АКШда төрөлүп, кийинчерээк жарандыгын алган Швейцариянын Цюрих шаарындагы үйүндө көпкө созулган оорудан улам бүгүн каза болгондугу билдирилди. 

Ошол эле учурда АКШнын президенти Жо Байден белгилүү ырчы Тина Тернердин үй  -  бүлөсү жана күйрмандарына көңүл айтты. 

Байден Тернердин  каза болушу тууралуу жарыялаган жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Тернердин  12 Грэмми сыйлыгын алып поп, рок жана R&B сыяктуу түрдүү музыка жанрларында көп тараптуу музыка  жараткнадыгына көңүлдөрдү бурду. 

Тернердин концерттерине миллиондогон адамдын келгендигин белгилеген Байден ырчынын :  «Америка музыкасын түбөлүккө өзгөрткөн сейрек талант экендигин",- айтты. 


 


 



Тектеш кабарлар