Гази унверситети QSтин «билим берүү тармагында» 27-орунду ээледи

Гази университетинин ректору, профессор доктор Муса Йылдыз университеттин потенциалы жана квалификациялуу адам ресурстары жагынан абдан жакшы абалда экенин айтты.

1964733
Гази унверситети QSтин «билим берүү тармагында» 27-орунду ээледи

Гази университети Лондондо жайгашкан жогорку билим рейтинги боюнча Quacquarelli Symonds (QS) агенттигинин «Дүйнөлүк университеттердин рейтингинде» «билим берүү жана окутуу» тармагында 27-орунга ээ болду.

Гази университети Билим берүү факультетине багытталган изилдөөлөр жүргүзүлгөн «билим берүү жана окутуу» тармагында 2022-жылы 1427 университеттин арасынан 78,3 балл менен 21-орунга чыкса, 2023-жылы баллын дагы жогорулатып, 81 упай менен 1584 университеттин арасынан 27-орунга ээ болду.

Гази университетинин ректору, профессор доктор Муса Йылдыз университеттин потенциалы жана квалификациялуу адам ресурстары жагынан абдан жакшы абалда экенин айтты.

Гази университетинин QS рейтингинде билим берүүдөн тышкары «жашоо илимдери жана медицина» менен «искусство жана гуманитардык илимдер» тармактарында да ийгиликтүү болгонун белгилеген Йылдыз: «Университетибиздин атынан ийгиликке жетишкенибизге кубанычтабыз жана сыймыктанабыз. Университетибиз көп жылдык тажрыйба менен даярдалган академиктери жана ийгиликтүү студенттик структурасы менен негизделүү максаттарына ылайык билим берүү ишмердүүлүгүн, илимий жана академиялык изилдөөлөрүн улантууда»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар