Скопьеде TRT жана YEE биргелешкен санариптик журналистика семинарын өткөрдү

«J4J-жаштар үчүн журналистика (J4J - Journalism for Juniors)» долбоорунун алкагында 1-февралга чейин улана турган тренингге Түндүк Македониянын ар кайсы шаарларынан келген студенттер катышты.

1939777
Скопьеде TRT жана YEE биргелешкен санариптик журналистика семинарын өткөрдү

Түндүк Македониянын борбору Скопьеде Түркия радио жана телеберүү мекемеси (TRT) жана Скопье Юнус Эмре институту (YEE) менен биргеликте санариптик журналистика семинары башталды.

«J4J-жаштар үчүн журналистика (J4J - Journalism for Juniors)» долбоорунун алкагында 1-февралга чейин улана турган тренингге Түндүк Македониянын ар кайсы шаарларынан келген студенттер катышты.

Скопьедеги YEE мүдүрү Серхат Кула программанын алкагында 60тан ашуун орто мектеп жана университет курагындагы жаштарды медиа сектору менен жолугуштурганын айтты.

Түрк Маариф Фондунун мектептеринен, Йосип Броз Тито лицейинен жана Эл аралык Балкан университетинен бул тармакта карьера пландоону каалаган студенттердин тандалып алынганын билдирген Кула, ТРТнын маанилүү кызматкерлери тажрыйбаларын жаштарга жеткире турганын айтты.

«Жаштар үчүн журналистика» долбоорунун координатору Алпай Ары да 2017-жылы ТРТнын түзүмүндө «Ар кимдин бир окуясы бар» урааны менен дүйнөнүн төрт бурчунан мекендештерге, чет элдиктерге жана түрктөргө тренингдерди өткөрүшкөнүн айтты.

2017-жылдан бери уланып келе жаткан долбоордун качкындар лагерлеринде да ишке ашырылганын белгилеген Ары, көпчүлүктүн көңүлүн бурган долбоорду массалык маалымат каражаттары тармагындагы адамдардын аң-сезимин жогорулатуу жана туура журналистика эмне экенин билүү максатында ишке ашырышканын кошумчалады.



Тектеш кабарлар