«Кайгы үч бурчтугу» үч номинацияда «Оскар» сыйлыгына талапкер

«Оскар сыйлыктары» 12-мартта Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарындагы Dolby театрында боло турган азем менен ээлерине тапшырылат.

1937628
«Кайгы үч бурчтугу» үч номинацияда «Оскар» сыйлыгына талапкер

Түркия радиотелеберүү мекемеси (TRT) биргелешип тарткан «Кайгы үч бурчтугу» (Triangle of Sadness), быйылкы 95-Оскар сыйлыктарында «Эң мыкты тасма», «Эң мыкты режиссёр» жана «Эң мыкты оригиналдуу сценарий» номинацияларында Оскарга талапкер болду.

ТРТнын билдирүүсүнө караганда, «Оскар сыйлыктары» 12-мартта Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарындагы Dolby театрында өтө турган азем менен ээлерине тапшырылат.

Өткөн жылдын май айында дүйнөлүк бет ачары болгон Канн кинофестивалында "Эң мыкты тасма" сыйлыгы "Алтын пальманы" жеңип алган бул тасма, кино жаатындагы эң абройлуу сыйлык тапшыруу аземдерине да катышып, фестивалдардан сыйлыктар менен кайтты.

Режиссер Рубен Өстлунддун тасмасы, Британиянын кино жана телевидение академиясы тарабынан быйыл 76-жолу таратыла турган "BAFTA сыйлыктарында" болсо "Эң мыкты оригиналдуу сценарий", "Эң мыкты кастинг" жана "Экинчи пландагы мыкты актриса" номинацияларына да талапкер көрсөтүлдү.

Франция, Германия, Түркия, Англия, Швеция, Швейцария, АКШ жана Греция биргелешип чыгарган "Кайгы үч бурчтугу" жаш модель жубайлар Карл менен Яянын миллиардер жүргүнчүлөр менен супер люкс круизиндеги окуясын баяндайт.



Тектеш кабарлар