«Кайгы үч бурчтугу» тасмасы BAFTA сыйлыктарына талапкер
Оскардын жарчысы катары эсептелген BAFTA сыйлыктары ээлерине 19-февралда Лондондогу Royal Festival Hall залында өткөрүлө турган аземде тапшырылат.
Түркия радиотелекөрсөтүү мекемесинин (TRT) колдоосу менен тартылган «Кайгы үч бурчтугу» тасмасы Британиянын Кино жана телекөрсөтүү искусство академиясы тарабынан берилген BAFTA сыйлыктарына талапкер болду.
ТРТнын билдирүүсүнө караганда фильм быйыл 76- BAFTA сыйлыктарына «Эң мыкты оригиналдуу сценарий», «Эң мыкты кастинг» жана «Эң мыкты экинчи пландагы актриса» номинацияларында талапкер болду.
Оскардын жарчысы катары эсептелген BAFTA сыйлыктары ээлерине 19-февралда Лондондогу Royal Festival Hall залында өткөрүлө турган аземде тапшырылат.
Түркия, Швеция, Франция, АКШ, Британия, Швейцария жана Греция биргелешип чыгарган "Кайгы үч бурчтугу" тасмасы жаш модель жубайлар Карл менен Яянын миллиардер жүргүнчүлөрдү ташыган супер люкс кемеде башынан өткөргөндөрүн баяндайт.
Тектеш кабарлар
Expo Дохада Түркияга сыйлык
Expo 2023 Доха иш-чарасы 80 катышуучу өлкө жана "Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө" темасында өттү.