Аясофия мечитине зыяратчылардын агымы
Стамбул губернатору Али Йерликая социалдык медиа баракчасынан Аясофия мечитине келген зыяратчылардын санын бөлүштү.
1926759
Өткөн жылы Аясофия-и Кебир Жами-и Шерифине 13 миллион 656 миң 229 киши зыярат кылды.
Стамбул губернатору Али Йерликая социалдык медиа баракчасынан Аясофия мечитине келген зыяратчылардын санын бөлүштү.
Губернатор Йерликая: «Президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын тарыхый кол тамгасы менен (2020-жылдын 24-июлунда жума намазы менен) кайрадан ибадатка ачылган, Фатих Султан Мехмет Хандын аманаты, Стамбулдун көрүнүктүү жери Айясофия мечитибиз 2022-жылы 13 миллион 635 миң 229 зыяратчыны кабыл алды»,-деп билдирди.