Германияда Түрк маданияты фестивалы
Германиянын Штутгарт шаарында жылдын акыркы күндөрү маанилүү фестиваль өтүүдө.
Германияда уюштурулган «Европа үй-бүлөлөр күнү жана түрк маданияты фестивалы» конокторун тосуп алууну улантууда...
Германиянын Штутгарт шаарында жылдын акыркы күндөрү маанилүү фестиваль өтүүдө.
Эл аралык жарандык коомду колдоо жана өнүктүрүү коому менен Түрк-Ислам дин иштери биримдиги (DITIB) тарабынан уюштурулган «Европа үй-бүлөлөр күнү жана Түрк маданияты фестивалына» ар түрдүү курактагы зыяратчылар чоң кызыгуу көрсөтүп жатышат.
Түркиядан жазуучулар, өнөрпоздор жана кол өнөрчүлөр, анимация жана балдар театры топтору катышкан фестивалда, түрк маданиятын чагылдырган керамика, кафель, жыгач оюмдары жана айнек үйлөмө өнөрлөрү менен бирге түрк ашканасын таанытуу үчүн стенддер ачылды.
2023-жылдын 1-январына чейин улана турган фестивалда коноктор түрк маданиятын түрдүү түстө көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Фестивалда босниялык өнөрпоз Зейд Шото да 26-27-декабрь күндөрү суфий музыкалык концерт берет.