Айтматов Анкарада эскерилди

Анкара шаарынын Кечиөрен муниципалитетиндеги "Чыңгыз Айтматов" атындагы сейил багында Элчилик менен Кечиөрен мэриясы тарабынан уюштурулган эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

1920946
Айтматов Анкарада эскерилди
Dünyaca Ünlü Yazar Cengiz Aytmatov Keçiören'de anıldı 2.jpg
Dünyaca Ünlü Yazar Cengiz Aytmatov Keçiören'de anıldı 3.jpg
Dünyaca Ünlü Yazar Cengiz Aytmatov Keçiören'de anıldı 4.jpg
Dünyaca Ünlü Yazar Cengiz Aytmatov Keçiören'de anıldı 5.jpg
Dünyaca Ünlü Yazar Cengiz Aytmatov Keçiören'de anıldı 7.jpg
Dünyaca Ünlü Yazar Cengiz Aytmatov Keçiören'de anıldı 8.jpg

Дүйнөгө таанымал залкар жазуучу, мамлекеттик ишмер, ойчул жана дипломат Чынгыз Айтматов Анкаранын Кечиөрен районунда эскерилди.

Айтматовду эскерүү иш-чарасы Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги жана Кечиөрен муниципалитетинин демилгеси менен уюштурулуп, ага Кечиөрен муниципалитетинин мэри, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигинин кеңешчиси, Гватемаланын жана Замбиянын элчилери, Шри-Ланканын элчисинин орун басары, Пакистандын, Азербайжандын жана Монголиянын Элчиликтеринин кеңешчилери, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, Анкара аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, студенттер, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле Түркияда жашаган мекендештер катышты.

Кечиөрен муниципалитетинин мэри Тургут Алтынок өз сөзүндө:«Чынгыз Айтматов дүйнөгө из калтырган, Теңир тоолордон, Ысык-Көлдөн, чөлдөн, өрөөндөн, боз талаадан бүткүл дүйнөгө жарык чачкан шам чырак, шам чырагыбыз. Кыйын мезгилдерде жашаган, кыйын мезгилдерде окуган, бирок ага карабай өзүн такшалткан улуу инсаныбыз жана бүткүл дүйнөнү сугарган булак»,-деп айтты.

Өз кезегинде Элчиликтин кеңешчиси Азиз Кыштобаев Элчи Руслан Казакбаев Кыргызстанда болгондуктан иш-чарага катыша албаганын айтып буларга токтолду: «Чынгыз Айтматов тирүү болгондо быйыл 94 жашка чыкмак. Чынгыз Айтматов кыргыз жана түрк маданиятынын маанилүү өкүлү болуп саналат. Айтматовдун Түркияда абдан жакшы таанылганын жана анын чыгармаларына абдан жогору баа берилгенин билебиз. Жазуучунун дээрлик бардык чыгармалары түрк тилине которулуп, китепканалар, китеп дүкөндөр жана мектептерге сунушталууда. Бир топ шаарларда анын ысымы парктарга, көчөлөргө жана мектептерге коюлган. Бул болсо түрк туугандарыбыздын Чынгыз Айтматовго жогору баа берүүсүнүн далили болуп саналат»,-деди.

 

Андан соң Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүл коюу аземи болуп, комуздун коштоосунда кыргыз элинин улуттук күүлөрү жаңырды.

Фотосүрөттөр:  https://www.trt.net.tr/kyrgyz/photogallery/turk-duinosu/aitmatov-ankaranyn-kiechiorien-raionunda-eskierildi 

 

 



Тектеш кабарлар