Кыргыздын чыгаан драматургу Токтоболот Абдумомунов ТҮРКСОЙдо эскерилди

ТҮРКСОЙдо кыргыз театрынын негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына арналган конференция өттү.

1915541
Кыргыздын чыгаан драматургу Токтоболот Абдумомунов ТҮРКСОЙдо эскерилди
Türk Dünyası Dram Yazarı Toktobolot Abdumomunovu Anma 23.jpg
Türk Dünyası Dram Yazarı Toktobolot Abdumomunovu Anma 19.jpg

ТҮРКСОЙдо кыргыз театрынын негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына арналган конференция өттү.

   ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раевдин кожоюндугунда 2022-жылдын 6-декабрында өткөн иш-чарага Казакстан Республикасынын Түркиядагы ыйгарымдуу элчиси Эркебулан Сапиев, Евразия жазуучулар союзунун төрагасы Якуп Өмероглу, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Тил комиссиясынын төрагасы Проф. Каныбек Осмоналиев, Токтоболот Абдумомуновдун уулу Исхак Абдумомунов, Түркия менен Кыргызстандын маданият, искусство жана илим коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын ачылышында ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев кыргыз элинин, ошондой эле түрк дүйнөсүнүн атактуу инсаны, драматург жана маданият ишмери Токтоболот Абдумомуновду 100 жылдык мааракесинде ТҮРКСОЙдун чатыры астында бардыгы чогуу эскерип жаткандыгы үчүн кубанычта экенин билдирди. Раев жазуучунун кыргыз театр искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымдарына токтолуп: «Токтоболот Абдумомунов кыргыз адабиятына, улуттук театр жана драматургия искусствосуна зор салым кошкон, ошондой эле улуттук драматургияны профессионалдык деңгээлге жеткирген, руханий байлык жана кыргыз улуттук адабиятынын казынасы болуп саналат. Абдумомунов кыргыз сахнасында эң сонун пьесаларды койду жана анын чыгармалары кыргыз адабиятынын алтын мурасы болуп калды. Бүгүн биз Токтоболот Абдумомуновду эскерүү менен бирге анын кыргыз адабиятына, түрк маданиятына калтырган кайталангыс чыгармаларынын алдында да сый-урмат менен таазим этебиз”,-деп айтты.

Иш-чарада Евразия Жазуучулар союзунун төрагасы Д-р Якуп Өмероглу, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Тил комиссиясынын төрагасы Проф. Д-р Каныбек Осмоналиев, Токтоболот Абдумомуновдун уулу Исхак Абдумомунов, Кыргыз Республикасынын Анкарадагы элчилигинин атташеси Бегимай Бакытбек, Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын мүчөсү Проф. Д-р. Сыртбай Мусаев өз сөзүндө кыргыз эл жазуучусу, кыргыз адабиятынын негиздөөчүлөрүнүн бири Токтоболот Абдумомуновдун Түрк дүйнөсүндөгү орду, өмүрү, чыгармачылыгы, улуттук театрдын өнүгүшүнө кошкон уникалдуу салымдарына токтолушту.

Ачылыш сөздөрүнөн кийин кыргыз режиссеру Асанкожо Айтикеев тарабынан тартылган Токтоболот Абдумомунов тууралуу «Өчпөс ысым» аттуу даректүү тасма көрүүчүлөргө тартууланды.

Конференциянын экинчи бөлүгүндө Кыргызстандан лингвист Проф. Д-р. Үмүт Култаева, Хажы Байрам Вели университетинин окутуучусу Проф. Д-р. Нажие Йылдыз менен кыргыз режиссеру Асанкожо Айтикеев Токтоболот Абдумомунов боюнча баяндамаларын айтып беришти.

Илимий баяндамалардан кийин конференциянын көркөм бөлүгүндө жаш манасчы Араз Булут Селви кыргыздын атактуу «Манас» эпосунан үзүндү айтуу менен катышуучулардын чоң кол чабууларына ээ болду. Ал «Изги» академиясынын алкагында чебер комузчу Насипа Калмаматова жетектеген комузчулар ансамблинин музыкалык концерти менен уланды. Комузчулар «Изги» чыгармасы менен белгилүү болгон кыргыз композитору Токтогул Сатылгановдун «Тогуз кайрык» чыгармасын аткарышты.

Эң аягында сахнага чыккан жаш комузчу Илимбек Разалиев комуз черткен чеберчилиги менен катышуучулардын алкоосуна ээ болду.

Конференциянын соңунда ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев кыргызстандык режиссер Асанкожо Айтикеевге уюм тарабынан даярдалган «Токтогул Сатылганов» медалын жана катышуучуларга сертификаттарды тапшырды.

Фотосүрөттөрдү төмөнкү даректен да көрсөңүздөр болот.

https://www.trt.net.tr/kyrgyz/photogallery/turk-duinosu/dramaturgh-zhazuuchu-toktobolot-abdumomunov-turksoido-eskierildi  



Тектеш кабарлар