БУУ: «Дүйнө калкынын саны 8 миллиардга жетти»

UNFPA жарыялаган отчетко караганда, 2030-жылы дүйнө калкынын саны 8,5 миллиардга, 2050-жылы 9,7 миллиардга жана 2100-жылы 10,4 миллиардга жетет деп болжолдонууда.

1906736
БУУ: «Дүйнө калкынын саны 8 миллиардга жетти»

Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фонду (UNFPA) бүгүн дүйнө калкынын саны 8 миллиард адамга жеткенин билдирди.

UNFPA жарыялаган отчетко караганда, 2030-жылы дүйнө калкынын саны 8,5 миллиардга, 2050-жылы 9,7 миллиардга жана 2100-жылы 10,4 миллиардга жетет деп болжолдонууда.

Дүйнөдө калктын өсүү темпи басаңдап баратканы менен, калктын саны 2100-жылга чейин көбөйө берет деп күтүлүүдө.

1970-жылдардан бери азайып келе жаткан дүйнө калкынын өсүү темпи биринчи жолу 2020-жылы 1 пайыздан (жылдык) төмөн түштү.

Дүйнөдөгү 7 миллиарддан 8 миллиард адамга чейин өсүш үчүн болжол менен 12 жыл керек болсо, кийинки миллиардга жетүү үчүн болжол менен 14,5 жыл (2037-жылга чейин) талап кылынат деп күтүлүүдө.

Сахаранын түштүгүндөгү Африкадагы калктын санынын өсүшү төрөттүн жогорку деңгээлинен улам 2050-жылга карата дүйнөлүк өсүштүн жарымынан көбүн түзөт деп болжолдонууда.

Калктын өсүшүнүн басымдуу бөлүгү ортодон төмөн жана кирешеси төмөн өлкөлөрдө болуп, дүйнөнүн калкы 7 миллиарддан 8 миллиардга чейин көтөрүлсө, Индия 2023-жылы «дүйнөдөгү эң көп калктуу өлкө» катары Кытайды басып өтөт деп болжолдонууда.



Тектеш кабарлар