Хасанкейфте Артуклу мезгилинин суу тармагы аныкталды

Хасанкейф сепилинде 3-мезгил археологиялык казуу иштери улантылып, талаа изилдөөсү да жүргүзүлүүдө.

1906301
Хасанкейфте Артуклу мезгилинин суу тармагы аныкталды

Батмандын Хасанкейф районундагы тарыхый Хасанкейф сепилинде жүргүзүлгөн археологиялык казуу иштеринин алкагында жүргүзүлгөн талаа изилдөөсүндө Артуклу доорунан 800 жыл мурда болжолдонгон суу тармагы аныкталды.

Хасанкейф сепилинде 3-мезгил археологиялык казуу иштери улантылып, талаа изилдөөсү да жүргүзүлүүдө.

Мардиндеги Аруклу университетинин Адабият факультетинин исскуство тарыхы бөлүмүнүн окутуучусу Дц.Д-р Зекай Эрдал төрагалыгы астында эксперттик команданын  жүргүзгөн иштеринде 6,5 чакырым алыстыкта ​​жайгашканы божомолдонгон суу желесинин 2 чакырымдык бөлүгүнө жетишилди.

Жердин топографиялык түзүлүшүн баалоо менен, ичүүчү сууну жапыз бийиктиктен Хасанкейф сепилине жеткирген суу тармагынын бир бөлүгүнүн таштарды оюп туннель, бир бөлүгүнүн жер үстүндөгү суу каналы катары курулганы аныкталды.



Тектеш кабарлар