Анкарада «Рахманкул Хан» атындагы пенсионерлер үйү ачылды

Ачылшка шаардын мэри менен катар райондун акими жана көптөгөн кишилер катышышты.

1899531
Анкарада «Рахманкул Хан» атындагы пенсионерлер үйү ачылды
RAHMANKUL HAN EMEKLİ KONAGI AÇILIŞ 2.jpg
RAHMANKUL HAN EMEKLİ KONAGI AÇILIŞ 3.jpg
RAHMANKUL HAN EMEKLİ KONAGI AÇILIŞ 4.jpg

Анкаранын Гөлбашы районундагы коомдук борбордо «Рахманкул Хан» атындагы пенсионерлер үйү ачылды.

Ачылышка Гөлбашы районунун акими Эрол Рүстемоглу, Гөлбашы шаарынын мэри Рамазан Шимшек, мэрдин орун басары Мурат Ылыкан, Улуттук кыймыл партиясынын райондук кеңсесинин төрагасы Сердар Текин, Гөлбашы муниципалиттик кеңештин мүчөлөрү, Гөлбашы муниципалитетинин маданият жана социалдык иштер боюнча директору Лүтфийе Рухсар Ярдымжы, Кыргыз түрктөрүнүн маданият жана тилектештик коомунун төрага орун басары Мошал Гүвен, Рахманкул Хандын уулу Абдували Кутлу, квартал башчылары, көптөгөн бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, Гөлбашыда жашаган кыргыздар жана көптөгөн район тургундары катышты.

Иш-чара коомдук үйдүн алдында мектеп окуучулары бий бийлеп,ыр айтып башталды.

Расмий ачылыштын алдында сөз сүйлөгөн Гөлбашы районунун мэри Рамазан Шимшек: «Бул жерде аксакалдар эле эмес, алардын көргөн билгендерин жаштарга үйрөтө турган жана ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлө турганын жер болооруна ишенем»,-деди.

Гөлбашы районунун акими Эрол Рүстемоглу да сөзүндө: «Бул пенсионерлер үйүнүн Гөлбашы районубузга жана өлкөбүзгө пайдалуу болушун тилейм»,-деди.

Иш-чаранын жүрүшүнө ачылыш жасалып, Кыргыз күүлөрү чертилип, Гөлбашынын музыкалык тобу музыкаларын чертип жатты.

Ошол эле учурда «Сүйүүнүн борбору Гөлбашы» аттуу китептин автору Хулуси Гүрпынар өзү жазган китебин кол тамгасы менен таратып жатты.

Бул жер айымдар бөлүмү, музыка бөлүмү, эркектер бөлүмү жана ар түрдүү иш-чаралар өтө турган бөлүм болуп жалпы 550 чарчы метрди ээлейт.



Тектеш кабарлар