"Кападокиялык Георгий" тасмасына латын туристтеринин кызыгуусу...

Невшехирдеги иш-чарага катышкан тасманын режиссёру жана башкы оюнчусу Александр Мачафер Мачадо Феррейра, Бразилияда тартылышы бир жылдай созулган тасманын маанилүү сахналарынын Кападокияда тартылганын айтты.

1897615
"Кападокиялык Георгий" тасмасына латын туристтеринин кызыгуусу...
kapadokyali george1.jpg
kapadokyali george.jpg

Кападокияда төрөлгөн деп эсептелген жана дүйнөнүн көп жеринде анын атын алып жүргөн чиркөөлөр жана чептер бар Ыйык Жорждун жашоосун баяндаган «Кападокиялык Георгий» тасмасынын Латын Америка өлкөлөрүнүн Кападокияга болгон кызыгуусун арттыруусу күтүлүүдө.

3-кылымда Рим императору Диоклетиандын буйругу менен алгачкы христиандардын кыйноого алынышы жана баатыр жоокер Жорждун күрөшү тууралуу баяндаган Бразилия тасмасынын кээ бир көрүнүштөрү 2019-жылы Кападокиянын ар кайсы аймактарында тартылган.

Дем алыш күндөрү Невшехирдин Гөреме шаарчасында бет ачары болгон тасманын көрсөтүлүшүнөн кийин Уругвай, Аргентина, Боливия, Колумбия, Чили, Эквадор, Панама жана Перу сыяктуу көп сандаган Латын Америка өлкөлөрүндө англисче, түркчө, португалча жана испанча котормолор менен коштолуп көрсөтүлөт. Премьерасы Бразилияда жылдын аягында болот.

Невшехирдеги иш-чарага катышкан тасманын режиссёру жана башкы оюнчусу Александр Мачафер Мачадо Феррейра, Бразилияда тартылышы бир жылдай созулган тасманын маанилүү сахналарынын Кападокияда тартылганын айтты.

Феррейра кинонун жарыкка чыгышынан кийин Ыйык Жорж менен Кападокиянын дагы көп киши тарабынан таанылаарын белгиледи.

Кинокомпаниянын директору Леандро Пирес Беллини бул тасма эки өлкөнүн ортосунда маданий көпүрө түзөөрүнө ишенерин баса белгилеп:"(Тасма) 30дан ашык өлкөдө көрсөтүлө тургандыктан туризмге чоң салым кошот",-деп айтты.



Тектеш кабарлар