Балыкесирдеги Рим доорунан калган мончо
Порт мончосу байыркы Адрамитеион шаарынын казууларында табылды.
1894960
Балыкесирдин Бурхание районунда 11 жылдан бери уланып жаткан байыркы Адрамитеион шаарынын казууларында Рим дооруна таандык порт мончосунун жер астындагы жылытуу системасы табылды.
Мимар Синан Көркөм өнөр университетинин (MSGSU) археология бөлүмүнүн доктору, казуу комиссиясынын жетекчиси Мурат Өзген табылган порт мончосу тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:
«Бул имараттын биздин замандын экинчи же үчүнчү кылымына таандык экенин билчүбүз. Ички табылгалар менен бирге бул жердин Рим мезгилине таандык порт мончосу экенин аныктадык. Алдыдагы жылдарда ушул багыттагы иштер бүткүл имаратта улантылат».
Тектеш кабарлар
Expo Дохада Түркияга сыйлык
Expo 2023 Доха иш-чарасы 80 катышуучу өлкө жана "Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө" темасында өттү.