Нобель тынчтык сыйлыгын алгандар белгилүү болду

2022 Нобель тынчтык сыйлыгы беларусиялык адам укуктары активисти Алес Беляцкиге жана Россия менен Украинанын эки бейөкмөт уюмуна берилди

1889927
Нобель тынчтык сыйлыгын алгандар белгилүү болду
2022 Нобель тынчтык сыйлыгы беларусиялык адам укуктары активисти Алес Беляцкиге жана Россия менен Украинанын эки бейөкмөт уюмуна берилди. 
2022  Нобель тынчтык сыйлыгын алгандар Норвегиянын  борбор шаары Ослодогу Норвегия Нобель институтунан билдирилди.
Сыйлык беларусиялык адам укуктары боюнча активисти Алес Беляцкий, орус адам укуктары уюму Мемориал жана украиналык адам укуктары уюмунун Жарандыкэркиндиктер борборуна берилди.

Норвегия Нобель комитетинен берилген маалыматтакоңшу өлкөлөр Беларусь, Россия жана Украинада адам укуктары, демократия жана тынчтык ичинде жанаша жашоо үчүн күрөшкөндөргө сыйлык берүүнү каалангандыгы баса белгиленди. Комитет салык төлөөдөнкачты деген айып менен айыпталган Алес Беляцкийдин эркин койо берилишине да чакыруу салынды.

2011 -жылы салык төлөөдөн качып камакка алынып, 2014 -жылы эркин бошотулган Беляцкий өлкөсүндө 2020 -жылы август айында болгон шайлоо мезгилинде өткөрүлгөн митингдер учурунда кайрадан абакка алынган.



Тектеш кабарлар