Коммуникация башкармалыгынан Аясофияга карата атайын китеп жана даракетүү тасма даярдалды

Президенттиктин Коммуникация директорлугу тарабынан «Түркиянын Аясофиялары» аттуу даректүү тасма даярдалды.

1858572
Коммуникация башкармалыгынан Аясофияга карата атайын китеп жана даракетүү тасма  даярдалды

Айя София-и Кебир мечитинин кайрадан ибадатка ачылышынын экинчи жылынан улам Президенттиктин Коммуникация директорлугу тарабынан «Түркиянын Аясофиялары» аттуу даректүү тасма даярдалды.

"Түркиянын Аясофиялары" даректүү тасмасында Стамбулдагы Аясофия  - и  Кебир мечитинин шерифи менен бирге Анадолунун ар башка шаарларында жайгашкан тогуз Аясофия мечитинин тарыхы жана окуялары баяндалды.

Түркиядагы Аясофия мечиттеринин кайталангыс архитектуралык түзүлүшү жана тарыхый экспонаттардын деталдары чагылдырылган даректүү тасма Түркиянын маданий жана диний туризмин таанытуу максатын көздөөдө.

Экөөсү Стамбулда, башкалары Изник, Эдирне, Кыркларели, Трабзон, Гүмүшхане, Зонгулдак жана Битисте болгон, диний, архитектуралык жана көркөм өнөр тарыхы жактан теңдеши жок кооздуктарга жана мааниге ээ Аясофия деп аталган меситтер таантылыган "Түркиянын Аясофиялары" тасмасы эртең Түркия убактысы боюнча саат 21:00дө ТРТ Белгеселде жана президенттиктин  соцтармактарынан жарыяланат. 

Коммуникация башкармалыгы да өзгөчө  «Кереметтүү Аясофиянын архитектуралык өзгөчөлүктөрү» аттуу 103 беттик атайын китеп чыгарды.

Китепте Аясофиянын чиркөө жана мечит доорундагы түзүлүштөрүнө кенен орун берилип,   мозаикалардын, мамылардын, көркөмдүү эшиктердин жана табигый таштардын архитектуралык жана тарыхый окуясы баяндалган.

Бир тараптан коммуникация башкармалыгы тарабынан жарандардын улут менен мамлекеттин ортосундагы байланыш көпүрөсү функциясын аткарган Президенттиктин коммуникация борборунун жардамы (CİMER) менен Аясофия тууралуу маалыматтар да чогултулуп китепке айландырылды. 

Аясофия, Аясофия  -  и Кебир жами  -  и шерифи деген ат менен кылынган жума намазы менен 2020 -  жылы 24 -  июль күнү ибадатка ачылган. 

 

 

 



Тектеш кабарлар