Билал Эрдоган:«Биздин кийинки фестивалыбыз IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары»

Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортунда 4 күнгө созулган уюмдун жабылыш аземине Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоган, башкаруу кеңешинин мүчөлөрү жана көп сандаган конок катышты.

1842354
Билал Эрдоган:«Биздин кийинки фестивалыбыз IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары»
etnospor.jpg
bilal erdogan.jpg
etnospor.jpg
etnospor.jpg
etnospor.jpg

Кечээ Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы тарабынан уюштурулган 5-Этноспорт маданияты фестивалынын жабылыш аземи болуп өттү.

Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортунда 4 күнгө созулган уюмдун жабылыш аземине Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоган, башкаруу кеңешинин мүчөлөрү жана көп сандаган конок катышты.

Аземде сөз сүйлөгөн Билал Эрдоган: «Жүз миңдеген келгиндерге эшигин ачкан, 7ден 70ке чейин ар бир адам өз маданияты жана бүткүл дүйнөнүн бир нерсесин тапкан фестиваль баарыбыз үчүн унутулгус издерди жана эстеликтерди калтырды деп ишенебиз»,-деди.

Фестивалдагы катышуучулардын толкундануусуна ортоктош болуунун маанисине көңүл бурган Эрдоган: «Ат минген балдарыбыздын жүзүндөгү кубаныч, толкундануу баа жеткис эле. Жебе атуу учурунда өз максатына ыктаган жаштарыбыздын көңүлүн көрүү арзырлык болду. Спорт, искусство жана маданият тармагында иш алып баруусун улантып жаткан конокторубуз менен кудум эле дүйнөнү кыдыргандай болдук. Биз фестивалыбызга дүйнөлүк ашкананы алып келдик. Биз салттарыбыздын бириктирүүчү күчү менен бирге болуу тынчтыгын сездик. Азербайжандан келген Карабах ат оюндарынын командасын кандай ыкылас менен көргөндүгүнө күбө болдук»,-деп айтты.

Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы катары алдыдагы жылдарда дагы да көркөм фестивалдарды уюштура тургандарын баса белгилеген Билал Эрдоган:«Биздин кийинки фестивалыбыз IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Изникте салттуу спортко көңүл бурган чоң уюм менен сиздерди жолугуштурабыз»,-деди.

Уюмда 4 күн бою өткөрүлгөн сынактарда жеңүүчүлөргө сыйлыктар жана грамоталар тапшырылды.



Тектеш кабарлар