ТРТнын даректүү тасма сыйлыктары ээлерин тапты

Сыйлык тапшыруу аземи улуттук жана эл аралык даректүү тасмалардын көрсөтүлүшү жана өз тармагында адис болгон коноктордун катышуусунда өттү.

1839045
ТРТнын даректүү тасма сыйлыктары ээлерин тапты

Түркия радио жана телеберүү мекемеси (TRT) тарабынан быйыл 13-ирет уюштурулган «Эл аралык ТРТ даректүү тасмалары» ТРТ Стамбул Тепебашы студиясында сыйлык тапшыруу аземи менен аяктады.

Иш-чара улуттук жана эл аралык даректүү тасмалардын көрсөтүлүшү жана өз тармагында адис болгон коноктордун катышуусунда өттү.

Аземге Маданият жана туризм министринин орун басары Ахмет Мисбах Демиржан, ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы, ТРТнын жетекчилери, басма сөз өкүлдөрү, түрк жана дүйнө киносунан келген коноктор катышты.

ТРТнын башкы директору Захид Собажы ачылыш сөзүндө адамдын акылын жана жүрөгүн кубаттаган даректүү тасмалардын маданий ар түрдүүлүктү коомдук мааниде түшүнүү жана дүйнөдө болуп жаткан окуяларды түшүнүү жагынан баалуу экенин баса белгилеп: «Бүгүнкү күндө биз глобалдык адилетсиздикти толугу менен көрө турган бирден-бир мазмун даректүү тасмалар. Өлкөбүз глобалдык адилеттүүлүк үчүн күрөшүп жатканда, биз да даректүү тасмаларыбыз менен дүйнө жүзүндөгү кечээки жана бүгүнкү адилетсиздиктерди ачыкка чыгарып, гуманитардык мамилеге артыкчылык беребиз»,-деди.

Ковид-19 эпидемиясынан улам өткөн жылы жылдырылган 2021 сыйлыктарынын да бул жылы өткөрүлгөнүн жана дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан абдан баалуу даректүү тасмаларды көрүүчүлөргө тартуулаганын белгилеген Собажы: «Эки жылдын ичинде бизге келип түшкөн 2618 кайрылуу биздин иш-чарабызга дүйнөлүк масштабдагы кызыгуунун айкын көрсөткүчү болуп саналат. Эсиңизде болсун, чыныгы жашоо жеңиш менен эмес, маңыздуу жана адилеттүүлүк климатында илгерилейт. Дүйнөдөгү түшүнүктү жана адилеттүүлүктү жогорулатуу үмүтүбүз менен»,-деп өз баасын берди.

Сынакта сыйлык алган фильмдер Ферас Файяд, Хилал Байдаров, Энсар Алтай, Андач Хазнедароглу, Гөкхан Тиряки, Рейс Челик, Махмут Фазыл Жошкун, Мехмет Бахадыр Эр, Сердар Акар жана Зейнеп Кечечилер болгон калыстар тоьунун мүчөлөрү тарабынан тандалды.

100дөн ашуун өлкөдөн 2618 долбоор арыз берген сынакта 79 финалист сыйлык үчүн ат салышты.

Улуттук жана эл аралык сынактарда студенттик тасмалар, профессионалдык жана долбоордук колдоо номинациялары боюнча жалпысынан 24 долбоор сыйлыкка татыктуу болду.

«13-Эл аралык TRT даректүү тасма сыйлыктары», Эл аралык тасмалар категориясында эң мыкты даректүү тасма сыйлыгы Зофия Ковалесвсканын «Бир гана шамал» тасмасы, Маданият жана туризм министрлигинин атайын сыйлыгын Питер Триесттин «Токтогон жашоо» тасмасы жана үчүнчү байгени Жиан Фандын «Жамгырдан кийин» тасмасы жеңип алды.

Сынактын Улуттук профессионалдык категориясында эң мыкты даректүү тасма сыйлыгын Неше Угур Нохутчу «Төз» тасмасы менен, Маданият жана туризм министрлигинин атайын сыйлыгын Орхан Текеоглу «Фатма Каяжынын белгисиз окуясы» тасмасы менен жана үчүнчү сыйлыкты  Мухаммет Беяздаг «Баары жолдо» тасмасы менен менен алды.

Улуттук студенттик тасмалар жана долбоорлорду колдоо категорияларында сыйлык алган режиссерлор Бейза Йылдыр, Гүлпери Алкан, Ахмет Кечили, Орхан Деде, Хасан Эте жана Селин Акташ болду.

«12-Эл аралык TRT даректүү тасма сыйлыктарынын» Эл аралык тасмалар категориясында Раду Чиорничук, Ваад Аль-Катеаб жана Эдвард Уоттс жана Рууд Ленссен, Улуттук профессионалдык категорияда Зеки Субашы, Сами Мермер жана Хинд Бенчекрун жана Ширин Бахар Демирел сыйлыкка татыктуу деп табылды.

Улуттук студенттик тасмалар категориясында Фатих Эртекин, Харун Көйбашы, Алихан Эрбаш жана Йагмур Картал, Долбоорду колдоо категориясында Элиф Йигит Айгүн, Мурат Адыяман жана Зеки Субашы сыйлыктарга ээ болушту.



Тектеш кабарлар