Малайзияда түрк тамактарынын гала кечеси өттү

Анадолунун миңдген жылдык тектүү тарыхынан азыктанган түрк тамактарын таанытуу максатында конокторго "Стамбул менюсу" тартууланды.

1829353
Малайзияда түрк тамактарынын гала кечеси өттү

Малайзиянын борбор шаары Куала-Лумпурда 21-27-май күндөрү өтө турган «Түрк ашканасы жумалыгынын» таанытуу иш-чарасынын алкагында «Түрк тамактарынын гала кечеси» өткөрүлдү.

Түркиянын Куала  - Лумпур элчилигинин жетекчилигинде жана Куала Лумпур маданият жана таанытуу кеңешчилиги тарабынан уюштурулган гала кечеси Малайзиянын маданият, туризм жана көркөм өнөр министри Ненси Шукри, Түркиянын Куала - Лумпур элчиси Мерве Сафа Кавакчы жана көп сандаган өлкөдөн 250 атайын кокнотун катышуусу менен Куала  -  Лумпурдагы бир мейманканада өткөрүлдү. 

Анадолунун миңдген жылдык тектүү тарыхынан азыктанган түрк тамактарын таанытуу максатында конокторго "Стамбул менюсу" тартууланды.

Конокторго зайтун майы менен бышырылган артишок менен бир нече тамак түрк музыкасынын коштоосунда тартууланды. Тамактан кийин конокторго түрк кофеси таанытылды. 

 



Тектеш кабарлар