Гөбеклитепедеги обелисктин көчүрмөсү Катарда көргөзмөгө коюлат

Шанлыурфа туризмди өнүктүрүү боюнча акционердик коомунун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, өзгөчө улуттук жана эл аралык аренада шаарды таанытуу  үчүн иш - аракеттердин жүргүзүлгөндүгү белгиленди.

1828870
Гөбеклитепедеги обелисктин көчүрмөсү Катарда көргөзмөгө коюлат

Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюму ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Гөбеклитепедеги P18 обелискинин көчүрмөсү 2022-жылы  Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта көргөзмөгө коюлат. 

Шанлыурфа туризмди өнүктүрүү боюнча акционердик коомунун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, өзгөчө улуттук жана эл аралык аренада шаарды таанытуу  үчүн иш - аракеттердин жүргүзүлгөндүгү белгиленди.

Билдирүүдө Гөбеклитепени ФИФАнын дүйнөлүк чемпионатында да танытылары белгиленип : "2018 -  жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине  кирген Гөбеклитепени чагылдырган Т формасындагы P18 обеликсинин  жарым чоңдуктагы  көчүрмөсү ноябрь айында баштала турган ФИФАнын дүйнөлүк кубогунда көргөзмөгө коюлат. Дүйнөнүн бардык жеринен футбол сүйүүчүлөр чогулган дүйнөлүк чемпионатта Гөбеклитепенин  таанытылышы, Шанлыурфа туризмине кошулган эң маанилүү салымдардын бири болот",- деп билдирилди. 

Египет пирамидаларынан 7500 жыл мурда курулган Гөбеклитепе отурукташкан турмушка өтүүнүн алгачкы издери үчүн чоң табылгаларды камтууда. Мындан тышкары, Гөбеклитепе  билинген алгачкы сыйынуу борбору болуп саналат.

 



Тектеш кабарлар