Али Эрбаш Кадыр түнгө карата билдирүү жарыялады

Курандын адамдардын жашоо максатын, дүйнөдө бейпил жашоону жана акыретте бейишке жетүүнү үйрөтүүчү жол көрсөтүүчү экенине көңүл бурган Эрбаш, Кадыр түндүн жер жүзүн сыймыктандырганы жана дүйнө бейпилдикке бөлөнгөн өзгөчө бир мезгил экенин айтты.

1819111
Али Эрбаш Кадыр түнгө карата билдирүү жарыялады
fuat oktay.jpg

Вице-президент Фуат Октай Кадыр түндүн өлкөгө, ислам дүйнөсүнө жана бүткүл адамзатка берекелүү болушун каалады.

Фуат Октай Кадыр түн үчүн билдирүү жарыялады.

Октай социалдык тармактагы баракчасына бөлүшүүсүндө: «Миң айдан да жакшыраак болгон Кадыр түн кут болсун. Бул куттуу түн өлкөбүзгө, ислам дүйнөсүнө жана бүткүл адамзатка береке алып келет деп ишенем»,-деди.

Дин иштери башкармалыгынын башчысы Али Эрбаш да ислам дүйнөсүнүн, өзгөчө түрк улутунун Кадыр түнү менен куттуктады.

Эрбаш, бүгүн кечинде ишке аша турган Кадыр түндөн улам жарыялаган билдирүүсүндө, Алла Таала тарабынан «миң айдан да жакшыраак» кылган Кадыр түндүн кадыр-баркын Курандан алганын белгиледи.

Курандын адамдардын жашоо максатын, дүйнөдө бейпил жашоону жана акыретте бейишке жетүүнү үйрөтүүчү жол көрсөтүүчү экенине көңүл бурган Эрбаш, Кадыр түндүн жер жүзүн сыймыктандырганы жана дүйнө бейпилдикке бөлөнгөн өзгөчө бир мезгил экенин айтты.

Эрбаш Кадыр түндүн күнөөлөрдөн жана каталардан арылуу үчүн бир мүмкүнчүлүк экенин белгилеп, жер бетиндеги кек сактоо жана жек көрүү, азап жана кайгыны, зордук-зомбулук жана согушту токтотуу үчүн көп дуба кылуу жана аракет кылуу керектигин айтты.

Дин иштери башкармалыгынын башчысы Эрбаш:«Татыктуу жана коопсуз жашоо, адилеттүү жана бейпил дүйнө Ислам акыйкаттары менен гана мүмкүн болорун түшүнүү менен, Курандын адилеттүүлүк, адеп-ахлак сыяктуу универсалдуу принциптерин жана баалуулуктарын жер жүзүнө жеткирүүгө көбүрөөк аракет кылуу керек. Бизди ар дайым кайрымдуулукка, жакшылыкка, бир туугандыкка чакырган Улуу Алла Таалага чын жүрөктөн берилип ал белгилеген жашоонун эң бийик даражасына баш ийүү керек»,-деп айтты.

 

 



Тектеш кабарлар