Британиялык тарыхчы Арслантепеде даректүү тасма тартты

Арслантепе дөбөсүн тартуу иштерин эрте мененки сааттарда баштаган топ күндүн чыгышы менен дөбөнү, түздүктү жана Евфрат дарыясын да тартты.

1816032
Британиялык тарыхчы  Арслантепеде даректүү тасма тартты

Британиялык тарыхчы, жазуучу Беттани Мэри Хьюз жана  командасы Малатияда болжол менен 7000 жылдык тарыхы бар жана Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюму ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Арслантепе дөңсөөсү менен Археология музейинде даректүү тасма тартты.

Маданият жана туризм министрлигинин Түркия Туризмди өнүктүрүү агенттиги ТГА менен кызматташып Түркияга келген Хьюз жана командасы Невшехир Токалы чиркөөсү, Каймаклы жер астындагы шаары, Зелве ачык асман музейинен кийин Малатияга келишти.

Арслантепе дөбөсүн тартуу иштерин эрте мененки сааттарда баштаган топ күндүн чыгышы менен дөбөнү, түздүктү жана Евфрат дарыясын да тартты.

Арслантепенин ЮНЕСКОнун  Дүйнөлүк мурастар тизмесине киришине мүмүкнчүлүк түзгөн сарай комплексинен кийин Археологиялык музейине барган команда дөбөдөн табылган уникалдуу экспонаттарды тартып алды.  

«Түркиянын казынасы» деп аталган даректүү тасманын күз айларында Би-Би-Си жана 4 -  теле каналдарынан көрсөтүлүшү пландалууда.

Арслантепе менен музейди тарткандан кийин команда Немрут тоосуна барды.

Немрут тоосун тарткандан кийин Гөбеклитепе жана Карахантепе археологиялык жерлерин, шаардын борборундагы диний жерлерди, музейди жана эң акырында  Газиантептеги Зеугманы тартуу үчүн Шанлыурфага барат.

Хьюздун буга чейин National Geographic каналында көрсөтүлгөн даректүү тасмалары дагы эле Viasat History тарых каналында жарыяланууда.



Тектеш кабарлар