Египетте фараондор дооруна таандык 5 мүрзө табылды

Гиза платосунун белгилүү пирамидаларынан 15 километр түштүктө жайгашкан Саккара аймагындагы мүрзөлөрдүн «жакшы абалда» экени белгиленди.

1798681
Египетте фараондор дооруна таандык 5 мүрзө табылды

Египеттеги Байыркы Падышалыктын борбору Мемфис некрополунан фараондор дооруна таандык беш мүрзө табылды.

Гиза платосунун белгилүү пирамидаларынан 15 километр түштүктө жайгашкан Саккара аймагындагы мүрзөлөрдүн «жакшы абалда» экени белгиленди.

Биздин заманга чейинки 2270-жылдары Египетти башкарган падыша Меренре Iнин пирамидасынын түндүк-чыгышынан египеттик археологдор беш мүрзө ташын табышты.

Египеттин Туризм жана байыркы эстеликтер министрлигинин маалыматы боюнча, мүрзөлөрдө жогорку даражалуу башкаруучулардын сөөктөрү орун алган.

Алты метр тереңдиктеги мүрзөлөрдүн экөө «падышанын камкордугуна жооптуу» эки аялга, экинчиси дин кызматчы Пепи Нефханиге таандык.

Ушул эле аймактагы 7 метр тереңдиктеги мүрзөнүн да «Падыша үйүнүн башкаруучусу Хенуге» таандык экени айтылды.

Мүрзөлөрдөгү саркофаг жана түркүн түстүү жасалгалар да жарыкка чыгарылды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Саккарада фараон Зосердин тепкич пирамидасы да бар.



Тектеш кабарлар