Канн кинофестивалына орус делегациясы кабыл алынбайт

Фестивалдын уюштуруучулары жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Украина калкын колдогондорун жана Орусияны айыптагандарын белгилешти.

1788243
Канн кинофестивалына орус делегациясы кабыл алынбайт

Францияда 17-28-майда өткөрүлүшү пландалган 75-Канн кинофестивалына Орусия-Украина согушунан улам Москвадан расмий делегация кабыл алынбайт.

Кино дүйнөсүнүн эң маанилүү иш-чараларынын бири катары көрсөтүлгөн фестивалдын уюштуруучулары жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Украина калкын колдогондорун жана Орусияны айыптагандарын белгилешти.

Билдирүүдө, эгер согуш украин элин ыраазы кыла тургандай шарттарда бүтпөсө, Орусиядан эч бир расмий делегациянын жана федерацияга тиешелүү эч бир мекеменин кабыл алынбай турганы айтылды.

Фестивалдын уюштуруучулары, Орусияда Украинага “кол салуу жана оккупацияга” каршылык көрсөткөндөрдүн эрдигине баа бергендерин да билдиришти.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага каршы операция баштаган болчу.



Тектеш кабарлар