Ооганстанга «Жакшылык поезди» менен билим берүү боюнча материалдык жардам барды

Борбор калаа Кабулдагы министрлик имаратында өткөрүлгөн аземде сөз сүйлөгөн Түркиянын Ооганстандагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Женгиз Айдемир сөз сүйлөдү.

1783887
Ооганстанга  «Жакшылык поезди» менен билим берүү боюнча материалдык жардам барды

Түркиядан «Жакшылык поезди» менен Ооганстанга жөнөтүлгөн гуманитардык жардамдан билимге көмөкчү материалдар билимге муктаж афган студенттерине берилүү үчүн Билим берүү министрлигине жеткирилди.

Борбор калаа Кабулдагы министрлик имаратында өткөрүлгөн аземде сөз сүйлөгөн Түркиянын Ооганстандагы элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Женгиз Айдемир, «Жакшылык поезди» менен келген гуманитардык жардамдын өлкөнүн ар бир облусуна таратыла турганын айтты.

Ооганстан менен Түркиянын кылымдык достугу бар экенин баса белгилеген Айдемир бул достуктун улана турганын билдирди.

Айдемир Түркиядан Ооганстанга жөнөтүлгөн жардамдардын улана турганын кошумчалады.

Ооганстандын билим берүү министринин орун басары Садык болсо, эки өлкөнүн ортосунда бекем тарыхый достук байланыштары бар экенин белгилеп, жогоруда айтылган жардамдар үчүн Түркия жана мекемелерине ыраазычылык билдирди.

Түркиядагы ар түрдүү бейөкмөт уюмдардын колдоосу менен Кырсык жана чукул кырдаалдарды башкаруу башкармалыгынын (AFAD) координациясында берилген жана 750 тоннага жакын гуманитардык жардамды ташыган алгачкы Жакшылык поезди 7-февралда Ооганстанга жеткен жана жардамдар бардык облустарга жеткириле баштаган.

1000 тоннага жакын гуманитардык жардамды ташыган экинчи Жакшылык поездинин эртең өлкөгө кириши күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар