1915 Чанаккале көпүрөсү 18-мартта ачылат

Бул тууралуу президент Режеп Таййип Эрдоган өзүнүн Твиттер баракчасынан билдирди.

1781741
1915 Чанаккале көпүрөсү 18-мартта ачылат

Азия менен Европа континенттерин бириктирген 1915 Чанаккале көпүрөсүнүн ачылышы 18-мартта болот.

Бул тууралуу президент Режеп Таййип Эрдоган өзүнүн Твиттер баракчасынан билдирип:« Мөөнөтүнөн бир жарым жыл мурда бүтүргөн жана тез арада элибиздин кызматына коюуну көздөп 26-февралда ачууну пландаган 1915 Чанаккале көпүрөсүнүн ачылышын жарандардын өтүнүчү боюнча 18-март Чанаккале жеңишибиздин жылдыгында ачууну чечтик»,деген сөздөргө орун берди.

Пайдубалы 2017-жылдын 18-мартында түптөлгөн жана эки тирөөчүнүн ортосундагы аралыгы дүйнөнүн эң чоң асма көпүрөсү болгон 1915 Чанаккале көпүрөсү түстөрү, фигуралары жана башка өзгөчөлүктөрү менен «символдордун көпүрөсү» катары белгилүү.

Көпүрөнүн эки аяк тирөөчүнүн ортосундагы узундугу Түркия Республикасынын негизделгенинин 100 жылдыгына карата 2023 метр болуп долбоорлонгон.

Мунара байланыштары жана көпүрөнүн элементтери түрк желегине карата кызыл жана ак түстө жасалган. Эки тараптагы мунаралардын үстүнкү бөлүгү Чанаккале согушу учурунда Сейит Онбашы стволго түрткөн замбиректин огун чагылдыруу менен курулган.

Эки аяк тирөөчүнүн узундугунан тышкары 770 метр капталдары, 365 жана 680 метр жакындай турган виадуктары менен Чанаккале  кысыгындагы биринчи асма көпүрөнүн узундугу 4608 метрге жетет.



Тектеш кабарлар