Бельгияда «Hello Türkiye» кампаниясы...

Бельгиянын улуттук каналдарынан бири болгон RTBF социалдык медиа эсебинен өлкөнүн улуттук жана эл аралык аталышынын «Түркия» катары колдонулушу үчүн башталган кампанияны таанытты.

1771148
Бельгияда «Hello Türkiye» кампаниясы...

Бельгиянын алдыңкы медиасы Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы тарабынан башталган «Салам Түркия» (Hello Türkiye) кампаниясын чагылдырды.

Бельгиянын улуттук каналдарынан бири болгон RTBF социалдык медиа эсебинен өлкөнүн улуттук жана эл аралык аталышынын «Түркия» катары колдонулушу үчүн башталган кампанияны таанытты.

Посттун астына түрк жарандары түрк желегин жана Стамбулдан кызыктуу сүрөттөрдү камтыган колдоо билдирүүлөрүн жазганы байкалды.

Ошондой эле билдирүүдө «Turkey» сөзүнүн эл аралык колдонулушу «Түркия» деп өзгөртүлүшү үчүн Бириккен Улуттар Уюму тарабынан бекитилиши керектиги айтылды.

Түркиянын Брюсселдеги элчиси Хасан Улусой RTL каналында атын өзгөртүү талабынын себептерин түшүндүрдү.

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, өлкөнүн улуттук жана эл аралык аталышынын эл аралык медиада «Түркия» катары колдонулушун дагы да эффективдүү жарыялоо үчүн Коммуникация башкармалыгы тарабынан 13-январда башталган «Салам Түркия» кампаниясы тууралуу билдирүү жасады.

Алтун билдирүүсүндө, президент Режеп Таййип Эрдогандын 2021-жылдын 21-декабрында башка мамлекеттер жана эл аралык мекеме жана уюмдар менен кат алышууларда жана экспорттук продукцияларда «Turkey» деген сөздүн ордуна «Түркия» деген сөздү колдонуу үчүн циркуляр чыгарганын эске салды.

Алтун ошол күндөн бери бул багыттагы иштерин уланткандарын жана эл аралык платформаларда «Түркия» атын таанытуу үчүн бир катар иш-чараларды жүргүзүшкөндөрүн белгиледи.



Тектеш кабарлар