TRTнын колдоосу менен тартылган "Klondike" кинотасмасынын дүйнөлүк бет ачары болду

Тасманын Европадагы бет ачары болсо 72-Берлин эл аралык кинофестивалынын "Панорама бөлүмүндө" өтөт.

1767421
TRTнын колдоосу менен тартылган "Klondike" кинотасмасынын дүйнөлүк бет ачары болду

Режиссеру Марина Эр Горбач болгон Түркия радиотелеберүү мекемесинин (TRT) колдоосу менен тартылган «Клондайк» тасмасынын дүйнөлүк бет ачары Санденс кинофестивалында өттү.

ТРТнын билдирүүсүнө караганда, коронавирустун (Ковид-19) омирон вариантынан улам онлайн түрдө уюштурулган фестивалдын негизги конкурстук бөлүгү болгон «Эл аралык сынакта» Украина-Түркия биргелешкен тасмасынын бет ачары болду.

Тасманын Европадагы бет ачары болсо 72-Берлин эл аралык кинофестивалынын "Панорама бөлүмүндө" өтөт.

Украина-Орусия чек арасында жашаган кош бойлуу аял Иранын жикчил топтор тарабынан айылы курчоого алынганына карабай үйүнөн чыкпай койгону менен башталган " Klondike" 2014-жылдын 17-июлунда Ира жана анын үй-бүлөсүнүн эл аралык учак кырсыгынын чордонунда калганын баяндайт.

Бул кинотасма Украина, Түркия, Грузия, Польша жана Босния-Герцеговиналык фильм топтору тарабынан 2020-жылы Украинада тартылып бүткөн.



Тектеш кабарлар