Француз актер Гаспард Ульель каза болду

Француз кинематографиясынын белгилүү актерлорунун бири Гаспард Ульель лыжа базасында кырсыктан каза болду.

1765842
Француз актер Гаспард Ульель каза болду

Француз кинематографиясынын белгилүү актерлорунун бири Гаспард Ульель лыжа базасында кырсыктан каза болду.

Актёрдун үй - бүлөсүнүн массалык маалымат каражаттарына берген билдирүүсүнө караганда, 37 жаштагы Гаспард Ульель шейшемби күнү Ла Розьер лыжа базасында лыжа тээп жүрүп башка лыжачы менен кагылышып, оор жаракат алып, эсин жоготкон.

Гренобль шаарындагы ооруканага тик учак менен жеткирилген Ульель кечээ  дарыланып жаткан ооруканада каза болду.

1984 - жылы Парижге жакын  Булон - Биланкурдо төрөлгөн Уллиел 1998 - жылы "Алиас" тасмасында роль алган.

Уллиел "Франциянын Оскары" деп аталган  Cesar Sinema сыйлыктарында  2002 - жылы "Embrasses qui voüus voudrez" тасмасындагы ролу  менен "эң келечектүү актер" жана 2017 - жылы "Juste La Fin Du Monde" тасмасындагы ийгилиги үчүн  "Мыкты актер" сыйлыгына ылайык көрүлгөн.

Француз актёр  "Paris je t'aime", "Saint Laurent", "Un long dimanche de fiançailles", "Hannibla lecter: les origines du mal", "Jacquou le croquant", "Juste la fin du monde" жана "Les egares" тасмаларына тартылган.

Ульель ойногон тасмаларындагы ийгилиги менен француз киносунун маанилүү ысымдарынын бири болгон.



Тектеш кабарлар