Грэмми сыйлыгын тапшыруу аземи жылдырылды
31-январда өткөрүлүшү пландалган аземдин, көрүүчүлөр менен кызматкерлерди тобокелге салбоо үчүн жылдырылганы белгиленди.
1758037
2022-жылдагы Грэмми сыйлыктарын тапшыруу аземи Ковид-19дун Omicron вариантына байланыштуу кооптонуулардан улам белгисиз мөөнөткө жылдырылды.
Грэмми сыйлыктарынын расмий баракчаларындагы билдирүүдө 31-январда АКШнын Лос-Анжелес шаарында өткөрүлүшү пландалган аземдин, көрүүчүлөр менен кызматкерлерди тобокелге салбоо үчүн жылдырылганы белгиленди.
Билдирүүдө: «Музыкадагы эң чоң түндү жакында жарыялана турган датада белгилөөнү чыдамсыздык менен күтөбүз», деп айтылды.
Грэмми сыйлыктарын тапшыруу аземи былтыркы жылы да Ковид-19 пандемиясынан улам 2021-жылдын 14-мартына жылдырылган болчу.