Юрий Ревич Түркияда концерт берет

Орусиялык өнөрпоз "8 мезгилди" (8 Seasons) тартуулайт.

1748559
Юрий Ревич Түркияда концерт берет

Белгилүү скрипка виртуозу Юрий Ревич 19-декабрда Стамбулдагы "Жемал Решит Рей" (CRR) концерттик залында искусство сүйүүчүлөр менен жолугушат.

Орусиялык өнөрпоз Вивалдинин "Төрт мезгил" чыгармасы менен Астор Пьяццолланын "Буэнос-Айрестин төрт мезгили" чыгармасын айкалыштырган "8 мезгилди" (8 Seasons) тартуулайт.

Echo Classic (ECHO Klassik Awards) жана Эл аралык классикалык музыка сыйлыктары (ICMA) ошондой эле Вена Бетховен борбору тарабынан сыйлыкка татыктуу деп табылган Ревичти CRR Жаш оркестри коштойт.



Тектеш кабарлар