Күнүнө 20 мүнөт аспаптык музыка угуу шакыйды жана баш ооруну азайтат

Бул тууралуу Альтернативдик медицина боюнча изилдөөлөрдү камтыган ай сайын чыгуучу Complementary Therapies in Medicine журналында макала жарыяланды.

1745947
Күнүнө 20 мүнөт  аспаптык музыка угуу шакыйды жана баш ооруну азайтат

Күнүнө 20 мүнөт аспаптык музыка угуу шакыйды жана баш ооруну басат.

Альтернативдик медицина боюнча изилдөөлөрдү камтыган ай сайын чыгуучу Complementary Therapies in Medicine журналында француз, немис жана америкалык изилдөөчүлөр «шакыйдын оорулууларына инструменталдык музыканын таасирин» өлчөө үчүн жүргүзгөн пилоттук изилдөө жарыяланды.

Көбүнчө аялдар 20 адамдан турган чакан топто 3 ай бою күнүнө 2 жолудан аспаптык музыка ойнотулуп турду.

Жалпысынан 20 мүнөт жана 5 этапта жүргүзүлгөн инструменталдык терапиянын натыйжасында сыналуучулардын шакый жана баш оорусу акырындап басаңдай баштаганы байкалган.

Катышуучулардын 50 пайызында талмалардын жыштыгы 50 пайызга азайганы жана дары-дармекке болгон муктаждыктын азайышы байкалган.

Изилдөө ошондой эле катышуучулардын депрессия жана тынчсызданууларды көзөмөлдөө эрки жакшырганын көрсөттү.

Бул изилдөө аз өлчөмдө болсо да келечекте музыкалык терапия боюнча кеңири клиникалык сыноолорду өткөрүүгө жардам берери айтылды.



Тектеш кабарлар