Кытайда түрк кофесин таанытуу иш-чарасы өттү
Түркия Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына карата «Анадолу жели» аттуу маданий иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясынын борбору Гуанчжоуда «түрк кофеси» аттуу жарнамалык иш-чара өткөрүлдү.
Түркия Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына карата Гуанчжоу китепканасы менен биргеликте уюштурулган «Анадолу жели» аттуу маданий иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Иш-чаралардын алкагында 5-декабрь дүйнөлүк түрк кофе күнүнө карата «Түрк кофесин» таанытуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Түрк кофесинин тарыхы жана маданияты түшүндүрүлгөн иш-чарада Гуанчжоудогу башкы консулдугунан вице-консул Неслихан Кул, түрктөрдүн дүйнөдө кофе маданиятынын калыптанышына кошкон салымы тууралуу баяндама жасады.
Йеменден Европага кофенин сапарына токтолгон Кул, кофе маданиятынын Анадолу элинин күнүмдүк жашоосундагы ордун жана маанисин айтып берди.