Малазгирт жеңишинин 950 жылдыгына карата видео даярдалды

Коомуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, жеңиштин жылдыгына карата даярдалган видеону социалдык медиа баракчаларынан бөлүштү.

1697645
Малазгирт жеңишинин 950 жылдыгына карата видео даярдалды

Президенттиктин Коомуникация башкармалыгы, Анадолунун каалгасын түрктөргө ачкан Малазгирт жеңишинин 950 жылдыгын өзү даярдаган видео менен куттуктады.

Коомуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, жеңиштин жылдыгына карата даярдалган видеону социалдык медиа баракчаларынан бөлүштү.

Алтун: «Малазгирт жеңишинин 950 жылдыгында Анадолунун жеңүүчүсү, улуу командир Султан Алпарслан жана шейиттерибизди таазим кылып эскеремин»,- деди.

"Анадолу бар болсо, биз дагы барбыз" аталышындагы видео 1 мүнөт 45 секундага созулат.

Султан Алпарсландын улуу жеңиштин алдында айткан: «Же мен жеңип максатыма жетем, же болбосо шейит болуп бейишке кетем» деген сөздөрү менен башталган видео, Малазгирттен Боштондук согушуна Анадолу үчүн болгон күрөштү баяндайт.

Видео: «Табияты, тарыхы жана эли менен теңдешсиз болгон бул жерди 950 жыл мурунку толкундануусунан эч нерсе жоготпостон баалап-барктаган улутубуз, Анадолунун мекен кылынышынын кубанычын баштан кечирүүдө. Малазгирт жеңиши куттуу болсун» деген сөздөр менен бүтөт.



Тектеш кабарлар