Чанаккале согшутарынын шейиттери эскерилди
Чанаккале согушарынын 106 - жылдыгынын негизинде Гелиболу жарым аралындагы тарыхый аянттагы Шейиттер эстелигинде салтанат өткөрүлдү.
Чанаккале согушарынын 106 - жылдыгынын негизинде Гелиболу жарым аралындагы тарыхый аянттагы Шейиттер эстелигинде салтанат өткөрүлдү.
Салтанатка Австралиянын Анкарадагы элчиси Марк Иннес - Броун, Бириккен Королдуктун элчиси Доминик Чилкотт, Ирландиянын элчиси Соня МакГиннес жана Жаңы Зеландиянын элчиси Венди Хинтон менен Франциянын Стамбулдагы башкы консулу Оливье Говин катышты.
Түркия республикасынын атынан Чанаккале губернатору Илхами Акташ эстеликтин фойе аянтындагы Чанаккале согуштары каармандарынын рельефинде орун алган Ататүрктүн эстелигине гүл чамбар койду.
Андан кийин 2 - корпустун командири, генерал - майор Мустафа Огуз жана Чанаккале согуштары Гелиболу тарыхый аянтынын төрагасы Исмаил Кашдемир да эстеликке гүл чамбар коюшту.
Бир минуталык эскерүүдөн кийин гимн аткарылып, Куран окулуп, дуа кылынды.
Катышуучулар шейиттикке гвоздикаларды ташташты.
Тектеш кабарлар
Expo Дохада Түркияга сыйлык
Expo 2023 Доха иш-чарасы 80 катышуучу өлкө жана "Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө" темасында өттү.