Түркиянын мозаикалык экспонаттары көздүн жоосун алууда

Тарыхый шаар Хатай үчүн чоң мааниге ээ эки музейдин тең мозаика коллекциялары менен бир гана Түркияда эмес чет өлкөлөрдө да кызыгуу жаратууда.

1616649
Түркиянын мозаикалык экспонаттары көздүн жоосун алууда

Түркиянын эң ири мозаика музейлерине ээ болгон Газиантеп жана Хатай, дээрлик көз жоосун алган экспонаттары менен тарыхка жарык чачууда.

Миңдеген жылдардан бери көптөгөн цивилизациялардын мекени болгон Хатайда, казууларда табылган сансыз мозаика Хатай археологиясы жана «Нежми Асфуроглу» археология музейлерине коюлган.

Көбүнчө биздин замандын II жана VI кылымдарына таандык мозаика чыгармалары алар таандык болгон мезгилдин издерин чагылдырат.

Өткөн жылы туризмге ачылган «Нежми Асфуроглу» археология музейи биздин замандын 6-кылымында «коомдук аянт» катары эсептелген 1200 чарчы метрдик бир бүтүн бөлүк мозаикасы менен өзгөчөлөнүп турат.

Тарыхый шаар Хатай үчүн чоң мааниге ээ эки музейдин тең мозаика коллекциялары менен бир гана Түркияда эмес чет өлкөлөрдө да кызыгуу жаратууда.

Байыркы шаарлары жана тарыхый имараттары менен миңдеген жергиликтүү жана чет элдик туристтерди тосуп алган Газиантептеги Зеугма мозаика музейи, чыгармалары менен келгендерге унутулгус тарыхый маанайды тартуулайт.

Рим жана Византия мезгилдерине таандык мозаикалар, негизинен скульптура, колонкалар, архитектура жана чорголор орун алган 2 миң 500 чарчы метр аянты камтыган музей, айрыкча Зевгманын «Мона Лизасы» деп аталган жана 52 жыл өткөндөн кийин АКШдан Түркияга кайтарылып берилген «Цыган кызы» мозайкасы менен алдыңкы планга чыгат.

Рим доорунда согуш кудайы деп аталган Марстын айкели музейдин кызыктуу эмгектеринин катарына кирет.

«Президенттик маданият жана искусство чоң сыйлыгына» ээ болгон, имараты жана мозаика каптаган аянты боюнча дүйнөдөгү эң ири музейлердин катарына кирген музейдеги мозаикалар көрүүчүлөрдү таң калтырат.



Тектеш кабарлар