Түркиянын алгачкы виртуалдык зергерчилик иш чарасы
Түркиянын биринчи жолу өткөргөн виртуалдык "JOIN: Jewellery Online International Network" зергерчилик иш чарасына 90 өлкө катышты.
Түркия биринчи жолу өткөргөн виртуалдык "JOIN: Jewellery Online International Network" зергерчилик иш чарасына 90 өлкө катышты.
Зер буюмдарын экспорттоочулар ассоциациясынын билдирүүсүнө ылайык, соода министрлигинин колдоосу менен зергердик тармагында бир алгачкыга кол коюлуп, 16 – 18 - февраль күндөрү өткөн иш чарада дүйнөлүк зерлерчилик тармагы чогулду.
Билдирүүдө пикирлерине орун берилген Зер буюмдарын экспорттоочулар ассоциациясы башкармалыгынын төрагасы Мустафа Камар «JOIN: Jewellery Online International Network» менен жалпы 90 өлкөдөн 850 сатып алуучуну 52 түрк бренди менен жоолугуштуруп, 350 эки тараптуу сүлөшүүлөргө негиз даярдаганын билдирди.
Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү беш ири зергердик рыноктун бири болгон Түркиянын зергерчилик рыногунун инновациялык өзгөрүүлөргө багытталгандыгын белгилеген Камар, иш чарада продукциялардын J-BOX 100 пайыздык тактыгын көрсөтүп, жогорку сапаттагы тейлөө мүмкүнчүлүктөрү менен камсыздалгандыгын билдирди.
Биримдиктин кийинки кадамы 27-30 - май күндөрү боло турган Стамбул зер буюмдары жарманкеси болот.
Тектеш кабарлар
Түркияда шарлар менен учууга кызыгуу артууда
Өлкө боюнча 7 аймакта аба шарлары менен учуу мүмкүнчүлүктөрү бар.
Стамбулдун символдору ТРТ үчүн жарыктандырылды
ТРТнын түзүлгөндүгүнүн 60 жылдык мааракеси өзгөчө иш-чаралар менен белгиленди.