Нидерландиянын RTL Nieuws каналы Түркиядагы Ковид-19 эмдөөлөрүн үлгү катары көрсөттү
Бул тууралуу маалыматты Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, өзүнүн социалдык тармактардагы эсептеринен бөлүштү.
Нидерландиядагы RTL Nieuws каналы Түркиядагы саламаттык сактоо тобунун жаңы типтеги коронавирустук (Сovid-19) эмдөөнү ишке ашыруу боюнча иштеринин үлгүлөрүн көрсөттү.
Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа өзүнүн социалдык тармактардагы эсептеринен RTL Nieuws каналынын медициналык топтордун Түркиянын төрт тарабындагы карыларга эмдөө жүргүзүү үчүн ар кандай аба ырайында жасаган иштери жөнүндө жаңылыктар менен бөлүштү.
Министр Кожа:«Бизде бул өлкө менен сыймыктанууга көптөгөн себептер бар»,-деди жана видеолорду бөлүштү.
Видеодо кабарчы, Нидерландиядагы айрым вакцинация жайларынын кышкы шарттарда жабык болгонуна көңүл бурган жана Түркиянын саламаттык сактоо тобунун жагымсыз аба-ырайынын шарттарында эң алыскы жерлердеги жарандарга дагы Ковид-19 вакцинасын эмдеш чейин жеткендигин баса белгилеген.
Андан соң Ванда иштеген медициналык топтор кары-картаң жарандарга эмдөө жүргүзүү үчүн карлуу жолдорду кесип өтүп, айылдарга барган учурларга орун берилген.
Тектеш кабарлар
Expo Дохада Түркияга сыйлык
Expo 2023 Доха иш-чарасы 80 катышуучу өлкө жана "Жашыл чөл, жакшыраак чөйрө" темасында өттү.