Япон фотограф Түркияга суктанды
Хирохиса Тажима 4 континентте 13 өлкөнү кыдырып, Түркияга суктанды.
Япониялык фотограф Хирохиса Тажима 4 континентте 13 өлкөнү кыдырып, Түркияга суктанды. Тажима 10 жыл бою рюкзак жана велосипед менен дүйнөнү кыдырууну чечти.
2020 - жылы 20 - ноябрда Капыкуле чек ара капкасынан Түркияга кирген.
Кезеги менен Эдирне, Текирдаг, Стамбул, Ялова, Бурса, Балыкесир, Измир, Айдын жана Мугла шаарларын кыдырган Хирохиса Тажима Анталиянын Демре районуна келип : «Түркиянын абдан таасирдүү, тарыхый жана табигый байлыгы бар. Түрк инсаны меймандос. Баары даам таттыруу үчүн бир нерселерди сунушат. Мен кайра келемин»,- деди.
Бул саякатынын максаты жаңы өлкөлөрдү жана көптөгөн жаңы адамдар менен таанышуу экендигин белгилеп, Хирохиса Тажима: «Муну Түркияда мыкты актарып жатам. Көп сандаган адамды жана үй - бүлөнү тааныдым. Түркиянын таасирлентүүчү тарыжы менен табигый байлыгы бар. бардык жеринде байыркы мезгилден калган байыркы шаарлар бар. Түрк инсаны меймандос. Көп сандаган түрк үй - бүлө мени коноктоду. Үйүнүн короосунда калуума уруксат берди. Баары даам таттырууга аракет кылды. Түрк инсанына ыракмат айтам. Түркияда кыдыруу үчүн 3 ай бөлдүм. Бирок бул жетерлик эмес. Түркияга кайрадан келемин»,- деди.
Тажима Түркиядан кийин Грузияга барат ал жерден Армения менен Иранга өтөт.